Непалдагы улуттук парктан эки керик качып чыгып, элдин көзүнчө "мушташышкан". Жаныбарлардын урушу тартылган видео интернет желесине тароодо.
Маалыматтарга караганда, окуя Читван районунда болгон.
Читван улуттук паркы Непалдын эң белгилүү жапайы жаратылыш коруктарынын бири болуп саналат. Парк жашыл аймагы жана бай биологиялык ар түрдүүлүгү менен белгилүү. Читван ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде турат.