Ош шаарын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлерге мэр Жанар Акаев ыраазычылык билдирип, Фейсбуктагы баракчасына видео киргизди.
Анда турак жай курган жеке ишкерлер өз каражатынан 10 миллион сом бөлүп, Масалиев жана Шакиров көчөлөрүнүн ортосундагы жолду асфальттап, лоток жана тротуар куруп бергени маалым болду.