Бишкекте көчөдө мушташкан жарандар кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, укук коргоо кызматкерлерине М.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жарандардын үстүнөн мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранды. Себеби алар бүгүн, 27-майга караган түнү саат 02:50 чамасында Молдокулов көчөсүндө денесине залал келтиргенин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Натыйжада 2007-жылы туулган О.Э., 2006-жылы туулган К.А. жана 2002-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.