
Москвадагы Таган райондук соту Telegram мессенжерине 7 миллион рубль айып пул салды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Telegram экстремисттик мазмундагы материалды белгиленген мөөнөттө өчүрбөгөнү үчүн жоопко тартылган. Сот мессенжер мыйзам талаптарын аткарган эмес деп тапкан.