ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 28-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Бишкек шаарында жаан жаайт, абанын табы түнкүсүн +14... +16, күндүз +25... +27 градус болот.
Абанын температурасы аймактарда:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11... +16, күндүз +22... +27;
- Талас жергесинде түнкүсүн +9... +14, күндүз +22... +27;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +26... +31;
- Нарын аймагында түнкүсүн +4... +9, күндүз +18 .. +23;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +18 .. +23;