Бул жолу Super.kg порталынын каарманы блогер Айым Айдаралиева болду.
Ал блогерлик карьерасы, жашоого болгон көз карашы жана жеке максаттары тууралуу ачык маек курду.
Ал турмушка чыгып, балалуу болууну каалаарын айтып, өзүнүн баласы болсо дагы балдар үйүнөн бала багып алуу кыялы экенин билдирди.
Ошондой эле “Биз жолуктук” долбооруна Анжелика Кайратовнанын чакыруусу менен барганын, биринчи сезонго катышканын эскерди. “Жашоодо баарын план менен кылбайм, күтүүсүз болгон нерселер жагат” дейт блогер.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.