Иран бийлиги Перс булуңунда тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн АКШ аймактан чыгып кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Али Багери билдирген.
Анда ал аймактагы көйгөйлөр АКШнын Иранга каршы аракеттеринен улам күчөгөнүн жана Израилдин катышуусу дагы чыңалууну жаратып жатканын белгилеп өткөн.
"Перс булуңунда чыныгы кызматташтык болушу үчүн АКШ менен Израил аймактан кетиши керек. Мындай кадам Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өнүгүшүнө, гүлдөп-өсүшүнө жана аймакта туруктуулук менен тынчтыктын орношуна шарт түзөт",- деген Багери.