Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга жаңы соккуларды жасады

АКШнын күчтөрү бейшемби күнгө караган түнү Ирандагы белгисиз бутага кол салды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

"Бута АКШнын күчтөрүнө жана коммерциялык кемелерге коркунуч туудурган объект болгон",- деп кабарлады телеканал АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме берип. Бирок объекттин жайгашкан жери жана соккулардын кесепеттери көрсөтүлгөн эмес.

CNN'дин маалыматы боюнча, АКШ аскерлери Ирандын аймагынан учурулган дрондорду атып түшүрүшкөн.

Мурда Fars News агенттиги Ирандын түштүгүндөгү Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан ири порт шаары Бандер-Аббастын жанында үч жарылуу угулганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан