Биз социалдык тармакта

Айдоочуларга тоолуу аймактарда этият болуу эскертилди (видео)

Бишкек-Ош унаа жолунда каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар кайрадан аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эреже бузган бардык айдоочуларга тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн.
"Бир секунддук жоопкерчиликсиз аракет өмүрдү “мурун” жана “кийин” деп өзгөртүп коюшу мүмкүн. Тоолуу аймактарда каршы тилкеге чыгуу - оор кесепеттерге алып келе турган өтө кооптуу эреже бузуу",- деп жазылат билдирүүдө.
Башкармалык бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
ЖКККББ тоолуу аймактарда айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан