Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы "Восточка №1" кафесиндеги тамактан таракан чыкканы тартылган видео тарады.
Аталган окуянын видеосун бөлүшкөн жаран тамактануучу жай санитардык нормаларды одоно бузганын жана тамагынан таракан чыкканын билдирген. Ошондой эле кардар төлөм тууралуу чекке ылайык, 7715 сом төлөгөн.
Ал эми интернет колдонуучулары аталган кафенин ашканасын кылдат текшерүүнү талап кылышууда.