Биз социалдык тармакта

Иран бийлиги АКШнын жасаган чабуулун кескин айыптады

Иран бийлиги АКШнын жасаган соңку аскердик чабуулун кескин айыптады. Мындай билдирүүнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи жасаган.

Анда Багаи АКШнын Иран аймагына каршы жасаган аракеттери өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бузуп, эл аралык укук менен БУУнун уставын одоно түрдө тебелөө болуп саналарын баса белгилеген. Мындан тышкары, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келген Оманды коркутууга алганын да сынга алган.

Ошондой эле дипломат Тегеран өзүн коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан