Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу 28-майда ӨКМ эскертти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.