Ош шаарындагы “Кыял” базары бузулуп, анда соода жүргүзгөн ишкерлер жаңы базарга көчүрүлө баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бул иштер шаарды иретке келтирүү жана тургундар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
Учурда соодагерлерди жаңы соода жайларына этап-этабы менен көчүрүү иштери уланууда.