Биз социалдык тармакта

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 51 кызмат адамына чара көрүлдү

Ушул жылдын 5 айында салык органдары тарабынан ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 105 факты аныкталган. Бул тууралуу 28-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, алар Укук бузуулар кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонушкан.
Натыйжада ишкерлердин укуктарын коргоо максатында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.
Мекеме бизнес субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Бизнести коргоо мобилдик тиркемеси жана ишеним телефондоруна кайрылуусу керектигин эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан