Бүгүн, 28-майда Кытайдан атчан саякат жасап келе жаткан этникалык кыргыз кыздары Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы Бишкек шаарына келишти.
Конокторду "Супара" этно-комплексинде Бишкек мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов салтанаттуу тосуп алышты.
Кыргыз кыздары сапарын Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан башташкан. Алар өлкөгө «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, андан соң Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Бишкекке келишти.