Орусиянын “кара тизмесине” Кыргызстандын 91 миң 566 жараны киргизилген. Бул тууралуу 28-майда өткөн брифингде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.
Анын айтымында, аталган маалыматтар 2025-жылдын 10-сентябрына карата алынган.
Салыштыруу үчүн айтсак:
— 2024-жылы “кара тизмеде” 84 миң жаран болгон;
— 2023-жылы бул көрсөткүч 52 миңди түзгөн;
— 2022-жылы 37 миң 420 адам катталган.
Ошондой эле брифинг учурунда 2025-жылы Орусиядан Кыргызстандын 6 миң 271 жараны чыгарылганы маалымдалды.
Ал эми 2024-жылы депортацияланган кыргызстандыктардын саны 15 миң 84 адамды түзгөн.