Биз социалдык тармакта

Кенияда мектептеги өрт 10дон ашык окуучунун өмүрүн алды 

Кениянын Накуру шаарындагы кыздар мектебинин жатаканасында түн ичинде чыккан өрттөн кеминде 16 адам каза болуп, дагы 79 адам жабыркады. Бул тууралуу BBC News Africa кабарлады.

Кениянын билим берүү министри Мигос Огамбанын айтымында, өрт чыккан учурда мектепте 808 окуучу болгон. Алардын 79у ооруканага жеткирилген. Ошондой эле 16 адам каза тапкан, азырынча алардын өздүгү тактала элек.

Кырсык 28-майда түндө катталган. Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан