Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-май күнү иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астананын эл аралык аэропортуна конду. Президентти Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Беларусь, Казакстан, Орусия мамлекеттеринин башчылары жана Армениянын вице-премьер-министри менен биргеликте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.
Мындан тышкары мамлекет башчысы V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышып, Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборундагы өлкөлүк көргөзмөгө барат.