Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумуна катышты

Астанада V Евразия экономикалык форуму өз ишин баштады. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.

Форумдун катышуучуларын тосуп алуу аземи Казакстандын борборундагы Конгресс-борбордо өттү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз лидерин жана Беларусь президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды.

Иш-чарага ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда.

Быйылкы форум “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо” деген тема алдында өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан