Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин-Жол айылынын 2006-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрү классташына үй салып беришти.
Алардын 20 жылдык жолугушуусунун алкагында уюшулган бул кайрымдуулук иш-чаранын видеосу интернет желесине тарап, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.
Бүтүрүүчүлөр биримдиктин жана достуктун үлгүсүн көрсөтүп, муктаж болгон классташын кубантышты.