Биз социалдык тармакта

Агартуу министри бүтүрүүчүлөрдү Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүтүрүүчүлөрдү Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады.
Айтымында, быйыл Кыргызстан боюнча 80 миңден ашуун окуучу 11-классты, ал эми 136 миңден ашуун окуучу 9-классты аяктап жатат.
"Ар бир ата-эне, ар бир мугалим силердин келечекте өз ордуңарды таап, максаттарыңарга жетип, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошкон ийгиликтүү инсан болушуңарды каалайт.
Каалаган окуу жайыңыздарга тапшырып, турмуш жолуңарда чоң ийгиликтерди жаратаарыңыздарга ишенем. Кыргызстандын келечеги — силердин колуңарда.
“Акыркы коңгуроо” майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ошондой эле өлкөбүздүн келечеги болгон балдарды тарбиялап, билим берип жаткан бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм!",- деп айтылат куттуктоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан