Ички иштер министрлигинде пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Ички иштер министрлигинде пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул туурасында 28-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "ички иштер органдарынын айрым пенсионерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тоолуу аймактарда жана алыскы зоналарда жашайт" деген жалган маалыматтардын негизинде кошумча каражат алып жүрүшкөнү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 529 миң сом зыян келтирилген.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук" жана "көз боёмочулук" боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asad9
2014-01-28 22:45:44
кичине алкымды тыйыш керек да. арам тамактан корксонор боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан