Жер жакынкы 5 жылда рекорддук ысык аба ырайына дуушар болот
БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму жакынкы жылдары Жердеги орточо температура жаңы рекорд жаратарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2027-жылда акыркы 70 жылдагы эң жогорку температура катталышы мүмкүн. Ошондой эле 2026-2030-жылдар аралыгында дүйнөдөгү орточо температура рекорддук деңгээлге жетиши күтүлүп жатат.
Аталган жылдары температура 1850-1900-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1,3-1,9 градуска жогору болушу мүмкүн. Адистер мындай аба ырайынын болуу ыктымалдыгын 75 пайыз деп баалашкан.