Америкалык жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин уулу Мэддокс Жоли Питт атасынын фамилиясынан баш тартууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Мэддокс расмий түрдө атын өзгөртүү үчүн документ тапшырган. Анда ал фамилиясындагы "Питт" деген атты алып салып, атын "Мэддокс Чиван Жоли" деп өзгөртүүнү каалаган.
Анжелина Жоли Мэддоксту 2002-жылы Камбоджадан асырап алган. Ал эми Брэд Питт 2006-жылы Жоли менен үй-бүлө кургандан кийин расмий түрдө баланын атасы катары көрсөтүлгөн.