25-январда Санкт-Петербург шаарында КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун жана вице-президент Асылбек Кадралиев жолугушуусунда Кыргызстандагы футбол тууралуу сөз болгон. Блаттер ФИФАнын мындан ары да Кыргызстанда футболдун өнүгүүсү үчүн көмөк көргөзүүнү уланта берерин билдирди.
Эске салсак, ФИФАнын президенти КМШ өлкөлөрүндөгү футбол федерацияларынын президенттери жана башкы катчылары менен жыл сайын жолугушуу өткөрөт.