АКШда "Блю Ориджин" компаниясынын New Glenn ракетасы Флорида штатындагы Cape Canaveral Space Force Station космостук базасында кыймылдаткыч сыноосу учурунда жарылып кетти.
Чет элдик басылмалар кабарлагандай, окуя түн ичинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Компаниянын негиздөөчүсү Жеф Безос бардык кызматкерлер аман экенин билдирип, кырсыктын себептери иликтенип жатканын айтты. New Glenn ракетасы SpaceX компаниясынын Falcon ракетасына атаандаш катары иштелип чыккан.