
Бүгүн, 29-майда Ош шаарынын мэри
Жанар Акаев Озгур айылындагы №58 Ак-Буура мектебинин Акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
225 орунга ылайыкталган мектепте бүгүн 425 окуучу билим алат. Аларды 35 мугалим окутат.
“Бүгүн мектептин эшиги жабылып жатканы менен, силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат. Силер тарыхы терең, руху күчтүү шаарда билим алдыңар. Араңарда келечектеги дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар, министрлер отурат. Балким, келечекте Ошту дүйнөгө тааныткан адамдар чыгат”,- деди мэр.
Ошондой эле шаар башчысы ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү "сюрприз" күтүп жатканын айтты. Мэр өзүнүн короосунда өстүргөн гүлдөрдөн букет жасап келгенин айтып, мектеп мугалимдерине тапшырды.
“Бул гүлдөр – сиздердин эмгегиңиздерге болгон таазимим”,- деди ал.
Быйыл Ош шаарында 12 208 окуучу мектепти бүтүрүп жатат. Анын 3146сы 11-классты аяктады.