Бүгүн, 29-майда саат 14:15те Кыргызстандын аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун расмий сайтына жарыяланды.
Жер силкинүүнүн очогу Манас шаарынан 110 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Сары-Булак айылында 4,5 балл, Ничке, Бирлик, Табылгы айылдарында 4 балл, Кызыл-Уран, Кетмен-Төбө, Кызыл-Ой, Бирдик, Атай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.