Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери талаптагыдай сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу 29-майда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган мыйзам бузуулар жумушчулардын коопсуздугуна жана объекттеги иштердин коопсуз жүргүзүлүшүнө түздөн-түз коркунуч жаратат.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аманат Сити” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.