Биз социалдык тармакта

Бишкекте 11 миң 869 окуучу 11-классты бүтүрүүдө

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарынын бардык 120 мектебинде Акыркы коңгуроо майрамына арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү.
Мэрия билдиргендей, борбор калаанын мектептеринде 259 миңден ашуун окуучу окуу жылын жыйынтыктоодо. Алардын ичинен 22 миң 061 окуучу 9-классты аяктаса, 11 миң 869 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болушту.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында мектептерде концерттик программалар, окуучулардын чыгармачылык номерлери жана бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземдери уюштурулду.
Мэрия бардык бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, экзамендерди ийгиликтүү тапшыруусун, жаңы жетишкендиктерди жана чоң ийгиликтерди каалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан