
Борбор калаанын мэри
Айбек Жунушалиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси
Сергей Вакунов менен жолугушту.
Алар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Шаар мэри анда Орусия менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.