Бишкек шаарында алдыдагы сууга түшүү сезонуна карата Пионер көлүн тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда көлдүн түбүн жана жээк аймагын тазалоо, ылай жана таштандыларды чыгаруу иштери аткарылып жатат.
Объектте 8 даана атайын техника иштеп жатат. Анын ичинде 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылган.
Мекеме шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу жана коомдук эс алуу жайларын өнүктүрүү боюнча иштер улантыларын билдирди.