Бул жылы мурунку жылга салыштырмалуу сел көп катталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын унаа жолдоруна 206 миң куб метрден ашык кум-шагыл түшүп, 3 көпүрө жараксыз абалга келген.
"Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 1300 куб метрден ашык кум-шагыл тазаланып, 1 көпүрө жабыркаган. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогору болду", - деп жазылат маалыматта.