Бишкектеги мектептердин биринин бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк классикалык музыканын белгилүү чыгармаларынын бири болгон Антонио Вивальдинин "Жыл мезгилдери" жыйнагындагы "Бороон" чыгармасын комуздун котоосунда аткарышты.
Видео менен продюсер Зарина Кадыралиев бөлүшүп, алар Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын окуучулары экенин билдирди.
Улуттук аспап менен жаңырган классикалык чыгарма коомчулуктун суктануусун жаратып, бүтүрүүчүлөрдүн таланты менен чыгармачылыгы суктанууну жаратты.