АКШнын президенти Дональд Трамп пландуу медициналык кароодон өтүп, ден соолугу жакшы экени тастыкталды. Бул тууралуу маалыматты Ак үйдөн анын жеке дарыгерине таянуу менен таратышты.
АКШ лидеринин жеке дарыгери Шон Барбабелла жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Трамптын ден соолугу чың жана кызматтык милдеттерин толук аткарууга жөндөмдүү экенин билдирген.
Ошондой эле дарыгер президенттин учурдагы физикалык абалын мыкты деп баалаган.