Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев Баткен облусундагы “Асман Резиденс” көп кабаттуу турак жай комплексинин курулуш иштерине көмөк көрсөтүп жатканы айтылууда.
Интернет желесине анын видеосу тарап, коомчулук тарабынан кызуу талкууга түштү.
Токторбаевдин жардамчысы курулушту мурдагы мэри көзөмөлдөп жатканын билдирип, курулушчулар менен чогуу иштеп жатканын да белгиледи.