Орусиянын Тюмень шаарында үрөй учурган окуя катталды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, 44 жаштагы жергиликтүү тургун 5 жаштагы кызды көп кабаттуу үйлөрдүн бирине зордуктоо үчүн көтөрүп кирип, арам ою ишке ашпай калды. Кичинекей кыздын жанында ойноп жүргөн балдар башка жарандарды жардамга чакырып, үйдүн жанынан унаасы менен өтүп бара жаткан аял кызды куткарууга жетишти.
Интернет желесине окуянын видеосу тарады. Анда кичинекей кыздын жанындагы жаш бала чоң эрдик кылганын көрүүгө болот.
Шектүүнү полиция кызматкерлери кармап кеткени маалымдалды.