“Келечекке салым”. Ата-энеси жок балдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ишке ашырууну улантууда. Программа ата-энеси жок жана алардын камкордугусуз калган балдарды каржылык жактан колдоого багытталган.
Бишкек шаарында программанын катышуучусу А.Т. менен жолугушуу өтүп, анын жашоо шарты менен тааныштырылды. Мамлекеттик колдоонун негизинде үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, жашоо шарттары жакшыртылганы белгиленди.
Расмий маалыматка ылайык, программага ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом өлчөмүндө депозит алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда өлкө боюнча миңдеген балдар бул долбоордун катышуучусу болуп саналат.