Биз социалдык тармакта

Оштун мэри эстакадалык көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды (видео)

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Акаев шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жумуштарды ыкчам жүргүзүп, белгиленген мөөнөттү сактоону тапшырды. Ошондой эле канализация түйүндөрүн, электр чубалгыларын жана башка инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштерин кечиктирген жооптуу мекеме-ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Мэриядан билдиргендей, эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 354, туурасы 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн алдындагы айланма жолду көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана заманбап жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери да жүргүзүлөт.
Аталган объект шаардагы жол тыгындарын азайтып, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Оштун мэри эстакадалык көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан