Интернет желесинде Бишкек шаарындагы №40 автобуста болгон окуянын видеосу тарап, коомчулук арасында кызуу талкуу жаратууда.
Күбөлөрдүн айтымында, автобустун айдоочусу улгайган аялды коомдук транспорттон түртүп түшүргөн. Натыйжада аял жол жээгиндеги темир тосмого урулган.
Видеону көргөн социалдык тармактын колдонуучулары айдоочунун аракетин кескин сынга алып, окуяга тиешелүү органдар көңүл бурушу керектигин билдиришүүдө.