Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталат (видео)

Өлкөдө 1-июндан тартып 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталат.
Агартуу министрлиги билдиргендей, бул этапта ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.
Каттоо үчүн:
  • 1mektep.edu.gov.kg порталына кириңиз;
  • ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары катталыңыз;
  • жеке кабинетке кирип, «Өтүнмө берүү» баскычын басыңыз;
  • мектепти жана окутуу тилин тандаңыз;
  • арызыңызды ырастаңыз.
2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан