Бишкекте масштабдуу “Suiu beauty” фестивалынын экинчи күнү болуп өттү.
Иш-чарага миңдеген коноктор келип эс алып, концерт көрүп, сүйүктүү блогерлери менен жолугушту.
Келген конокторго белектер берилип, кызыктуу конкурстар уюштурулду. Белгилүү бренддер өздөрүнүн товарларын көргөзүп, арзандатылган баада сатышты.
Бул фестиваль көбүнчө айымдар үчүн уюштурулган. Башкы уюштуруучусу – Мээрим Төлепберген. Максаты – айымдарды колдоо, алардын эс алуусу, баарлашуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.