
Ош шаарындагы Суранчы Жетимишов көчөсүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды.
Мэриядан билдиргендей, оңдоло турган жолдун эки тарабында тротуар, жашылдандыруу, ирригациялык лотоктор каралган. Эске салсак, бул көчө буга чейин автоунаа үчүн өтө тар болуп, четинде тротуар каралган эмес.
Жумуш ыргагынан мэр Жанарбек Акаев кабар алып, ишти тездетүүнү, сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Ал бул жол бүтсө “Ош” эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөр тыгынсыз, оңой барып каларын, шаардагы автотыгын азая турганын айтты. Ошондой эле мэр учурда шаарда жол куруу иштери активдүү жүрүп жатканын белгилеп, коммуналдык түтүктөрдү жаңылоо да кошо жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын негизинде инфраструктураны жаңылоого багытталган комплекстүү иштер уланууда.