Кечээ, 31-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпиондугуна катышкан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, аларды “Ак жол” өткөрүү пунктунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев жана балбандардын жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Азия чемпиондугу 23-31-май аралыгында өттү.