
Кыргызстандын парашахмат боюнча улуттук курама командасы Испаниянын Аликанте шаарында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1–13-июнь күндөрү өтөт. Ага катышуучу курама команданын мүчөлөрү:
- Тилеген Рахатбеков – парашахматчы;
- Кубанычбек Ибраимов – парашахматчы;
- Айнура Алеева – коштоочу, сурдокотормочу;
- Эрмек Мукашев – команданын жетекчиси жана коштоочу.