Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белгилүү ырчы Амирчик Каракол шаарына барды. Ал шаар мэри Талантбек Иманов менен бирге майрамдык иш-чараларга катышып, балдарды куттукташууда.
Майрамдык программада концерттик номерлер, оюн-зоок иш-чаралары жана ар кандай сынактар уюштурулуп, шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланууда. Иш-чарага келген балдар сүйүктүү ырчысы менен жолугуп, эстелик сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.