Биз социалдык тармакта

Путин менен Пашинян ЕАЭБ саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Астана шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинде кабыл алынган чечимдерди талкуулашты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Кремлдин маалыматына ылайык, тараптар 29-майда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыктарын карап чыгышкан.

Армения өкмөтү билдиргендей, Никол Пашинян айрым талаш-тартыштарды жараткан маселелер боюнча көрсөтүлгөн колдоо үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирген. Ошондой эле эки лидер ыңгайлуу учур жаралганда жолугушууларды жана байланыштарды улантуу тууралуу макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан