4-июнда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 00:00гө чейин Байтик баатыр көчөсүнөн Түштүк Чоң Чүй каналына чейинки аймакта жана Ала-Арча-3 конушунда суу берилбейт.
Суу өчүрүү МИКтин котлованындагы суу агып жаткан жерди аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Муниципалитет тургундарды жана мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырды.