Балдарды коргоо күнүнө карата Евразия фондунун демилгеси менен “Евразия” паркында масштабдуу майрамдык иш-чара өттү.
Ага 25 миңден ашуун бала катышып, ар түрдүү оюн-зоок программаларына жана концерттик номерлерге күбө болушту. Иш-чаранын негизги максаты — балдарга майрамдык маанай тартуулоо жана алардын укуктарына көңүл буруу болду.
Ошондой эле бул күнү аквапарктын ачылышы болуп, балдар үчүн жаңы эс алуу жана көңүл ачуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.
Ата-энелер Евразия фондуна ыраазычылык билдиришип, мындай масштабдуу иш-чаралар балдардын көңүлүн көтөрүп, алардын бактылуу балалык өткөрүүсүнө чоң салым кошорун белгилешти.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.