Эл арасында чоң сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш ырчы Амирчик Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Каракол шаарында болуп, жергиликтүү тургундарга өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Иш-чаранын алкагында ырчы өзүнүн белгилүү чыгармаларын аткарып, балдар жана шаар тургундары менен жылуу атмосферада жолугушту. Концертке келгендердин айтымында, бул кеч шаар үчүн эстен кеткис маданий белек болду.
Майрамдык иш-чара балдардын көңүлүн көтөрүп, Каракол шаарында өзгөчө шаң жаратты.